Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

Жаштардын кышкы Олимп оюндарына Кундуз Абдыкадырова катышат


Кундуз Абдыкадырова.

Кундуз Абдыкадырова.

Жаштар арасындагы кышкы Олимп оюндарына Кыргызстандан биатлончу Кундуз Абдыкадырова катышат. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди. Мелдеш 12-21-февраль күндөрү Норвегиянын Лиллехамер шаарында өтөт. Ага 70 мамлекеттен 1100 спортчу катышып, спорттун 15 түрүнөн 149 топтом медаль үчүн таймашат.

17 жаштагы Абдыкадырова Швецияда болгон дүйнө чемпиондугуна катышып кышкы Олимп оюндарына жолдомо алган. Ал биатлондун спринт, жеке жарыш жана аралаш эстафета түрлөрүнөн олимпиада байгеси үчүн жарышка чыгат. Абдыкадырованы бул мелдешке машыктыруучу Александр Левданский даярдаган. (ECh.)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG