Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Баткенде чек арачы чогуу кызмат өтөгөн жоокерди атып алды


Чек ара кызматынан кабарлашкандай, Баткендин “Коргон” чек ара тозотунда келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокер атылган октон жараат алды. Аны өзү менен бирге кызмат өтөгөн чек арачы кокустан атып алган. Бутунан жараат алган жоокер Баткен шаарындагы ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлдү. Анын абалы канааттандырарлык. Окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG