Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:17

Европага келген мигранттар арасында аялдар менен балдар эркектер санынан ашты


Македония-Сербия чек арасындагы транзиттик лагерге топтолгон мигранттар. 2-февраль, 2016-жыл.

Македония-Сербия чек арасындагы транзиттик лагерге топтолгон мигранттар. 2-февраль, 2016-жыл.

БУУнун маалыматтарына караганда, Европага келген аялдар менен балдардын саны былтыр миграциялык кризис башталгандан бери эркектердикинен биринчи ирет ашып олтурат.

БУУнун балдар уюму – ЮНИСЕФтин эсебинде, балдар менен аялдар азыр Түркиядан Грецияга өткөн качкындар менен мигранттардын 60 процентке жакынын түзөт.

Буга чейин былтыр июндагы байкоолор Европага келип жаткан мигранттардын 70 проценттен ашууну эркектер, 10 проценттейи эле бойго жете элек балдар экенин көргөзгөн.

Өткөн аптада Евробиримдиктин полиция мекемеси – Европол акыркы эки жылда Европага келген мигрант балдардын кеминде он миңдейи мамлекеттик органдарда каттоодон өткөндөн кийин табылбай калганын кабарлаган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG