Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

100дөн ашуун KG үлгүсүндөгү номурлар жок кылынды


Жок кылынган номурлар
Жок кылынган номурлар

Мамлекеттик каттоо кызматы аткаминерлер буга чейин пайдаланган 124 KG үлгүсүндөгү унаа номурларын жок кылды. Бүгүн Транспортторду каттоо департаментинин имаратында номурлар журналисттердин катышуусунда темир кескич кайчыларда кесилип, майдаланды. Жалпысынан KG үлгүсүндөгү 143 номур болсо, алардын ичинен президенттин номуру гана калат.

Жогорку Кеңеш жакында KG сериясындагы номурлардан баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алып, аны аткарууну өкмөткө жүктөгөн. Маалыматка караганда, мындан кийин номурлар жеке унаалардын, мамлекеттик унаалардын, мотоциклдин, арабалардын деп жана адамдын ысымы жазылып, беш түрлүү болот. Жеке айдоочулар менен мамлекеттик машиналардын номерлери өтө айырмаланбайт. Мындай чечим жолдо жүрүүчүлөрдүн бардыгынын укугун теңдөө максатында кабыл алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG