Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Ирактын Фаллужа шаарында он миңдеген адамдын тамак - ашы түгөнүүдө


Фаллужадан бир көрүнүш. 2015-жылы март айында тартылган сүрөт.

Фаллужадан бир көрүнүш. 2015-жылы март айында тартылган сүрөт.

Ирактын бийликтери кабарлагандай, өлкөнүн батышындагы Фаллужа шаарында оң миңдеген адамдын тамак-ашы менен катар дары-дармеги да түгөнүүдө. “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөгөн бул шаарды азыр коопсуздук күчтөрү камалап турат.

Фаллужа курамына кирген Анбар провинциясынын губернатору Сохаиб ал-Рави АКШ баштаган коалицияга жайкын тургундар үчүн гуманитардык жардамды абадан таштоо өтүнүчү менен кайрылды.

Губернатордун айтымында, согушкерлер шаардын кире бериштерин миналап салгандыктан, гуманитардык жардамды коопсуз жеткирүүнүн жалгыз жолу аба транспорту. Шаардын айланасы миналангандыктан тургундар өздөрү да чыга албай калды.

Ирак медиасынын маалыматтарына караганда, Фаллужада бир нече адам ачкадан жана дары-дармектин жоктугунан улам өлгөн. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG