Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Каада-салтты жөнгө салуу боюнча мыйзам иштелип чыкты


“Салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында үйлөнүү тойлорун, үй-бүлөлүк салтанаттарды, аза күтүү каада-жөрөлгөлөрүн, дүйнөдөн көзү өткөндөрдү эскерүүгө арналган каада-жөрөлгөлөрдү өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулукка, шаан-шөкөткө, ашкере сылаңкороздукка жол берүү фактыларын жоюу максатында иштелип чыккан. Анын демилгечилери депутаттар Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Ырыскелди Момбекев, Дастан Бекешов жана башкалар.

Мыйзамга ылайык тушоо кесүү, сүннөт, үйлөнүү тою 100-150дөн көп эмес адамдын катышуусу менен өткөрүлүп, кийит, белек берүүгө тыюу салынат. Үлпөт тойдун ээлери бештен ашпаган машина колдонушу керек. Ал эми сөөк коюуда, жаназа окууда жылкы, бодо мал жана кой-эчки союлбай өткөрүлүшү шарт. Аза күтүү каадасында акча, буюм берүүгө тыюу салынат. Зыяратка, ажыга баруучуларды узатуу, тосуп алуу иштери үй-бүлөлүк чөйрөдө, ашыкча шаан-шөкөтү жок өтүшү керек. Ар кандай каада-жөрөлгөлөрдө акчаны себелеп чачууга, улак тартыш, күрөш сыяктуу спорттук мелдештерди өткөрүүгө болбойт. Мыйзамдын жоболорун сактабаган тарап жоопкерчилик тартат.

Айрым маалыматтарга караганда, кыргызстандыктар той-аштарга жыл сайын 2 миллиард доллардан ашык акча чачат. Кыргыз бийлигинин ашыкча ысырапкорчулукту кыскартуу аракетинен көп майнап чыкпай келет. Айрым жергиликтүү бийлик өздөрү демилге көтөрүп, бул маселени колго алышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG