Февраль айында Брюсселде Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө арналган жыйын болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат саясаты бөлүмүн башчысы Яап Ора билдирди.
Европа биримдиги 22-январда Кыргызстанга Жалпы жеңилдиктер системасын колдонуучу (ВСП+) макамын берүү тууралуу чечим кабыл алган. Жеңилдиктердин алкагында кыргызстандык экспортчулар үчүн товардын алты миңден ашуун түрүнө бажы төлөмдөрү толук алынат. Алар Евробиримдикке айыл чарба азыктарын, азык-түлүк, тамеки, текстиль, кийизден жасалган буюмдарды ташый алат. Оранын белгилешинче, февралда өтчү жыйында Кыргызстанга берилген жеңилдиктердин жол-жобосу талкууланат. (КЕ/ZKo)