Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштери кийинки жылы башталат


Ат-Башы ГЭСи.
Ат-Башы ГЭСи.

2017-жылдан тарта Нарындагы Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштери башталат. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. ГЭСти оңдоого Швейцариядан алынган 19 миллион доллар өлчөмүндөгү грант жумшалат.

Ат-Башы ГЭСи өткөн жылы 144,8 млн. кВт саат электр энергиясын өндүргөн. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 38 млн. кВт саатка көп. ГЭС Нарын облусунун электр керектөөсүнүн 25% камсыз кылат. Курулганына 46 жыл болгон бул станция капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Соңку кезде ГЭСтеги жабдыктар эскиргендиктен электр өндүрүмдүүлүгү төмөндөп кеткен. (MiK)

XS
SM
MD
LG