Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Сариев өкмөттүн пландары тууралуу коалициялык көпчүлүккө маалымат берүүдө


Ушул тапта Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк премьер-министр Темир Сариевдин алдыда жасалчу иш-пландары туурасында маалыматын угууда. Ага өкмөттүн толук курамы катышып жатат. Жыйында негизинен турак жай жана автоунааларды камсыздандыруу, бийик тоолуу аймактардын көйгөйү, анда жашагандарга берилчү жеңилдиктер, өткөн жылдын жыйынтыгы тууралуу сөз болот.

Буга чейин өкмөттүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандарга каралган жеңилдиктерди алып салуу боюнча мыйзам долбоору коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Сариев аталган долбоорго терең анализ жасалбаганын баса белгилеп, 25-январда бул мыйзам долбоорун артка чакыртып алган. Мыйзамды иштеп чыккан Социалдык өнүктүрүү министрлигине өлкө аймактарын өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыгууну тапшырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG