Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

БШК дагы бир депутатты мандатынан ажыратты


Урмат Ишенбеков.
Урмат Ишенбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү чечимине ылайык, “Кыргызстан” фракциясынан депутат Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. БШК мүчөсү Рашид Бекбасаровдун “Азаттыкка” ырасташынча, ага БШКнын 8 мүчөсү колдоп, экөө каршы добуш беришти.

Борбордук шайлоо комиссиясы 11-январдагы жыйынында “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жөнөткөн документтердин негизинде фракция мүчөлөрү Чолпон Эсенаманова жана Элмира Жумалиеваны мандатынан ажыраткан. Ал эми жыйынга катышып калган фракциянын дагы бир мүчөсү Урмат Ишенбеков мандатын тапшыруу жөнүндө арыз жазбаганын билдирип, ошол убакта мандатын сактап калган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG