Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Орусия Сириядагы аба соккуларын токтотпойт


Сергей Лавров Омандын борбору Мускатта. 3-февраль, 2016-жыл

Сергей Лавров Омандын борбору Мускатта. 3-февраль, 2016-жыл

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Орусия Сириядагы аба соккуларын ал жердеги террордук топтор жеңилмейинче токтотпойт.

Лавров бүгүн Омандын борбору Мускаттагы басма сөз жыйынында белгилегендей, ал аба соккулар эмне үчүн токтотулушунун жүйөсүн көрбөй турат.

Мунун алдында АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри кечээ Сириядагы согушту токтотуу боюнча БУУнун ортомчулугу астында сүйлөшүүлөр башталгандыктан Орусия Сириядагы оппозициячыл күчтөрдү бомбалоону токтотуусу керектигин айткан эле.

Сириянын бейрасмий сүйлөшүүлөргө катышып жаткан айрым оппозициячыл топтору да Орусиянын аба соккулары токтотулушун сүйлөшүүнүн шарты катары талап кылышкан.

Москва Сирияда “Ислам мамлекети” тобун жана башка террорчул уюмдардын турумун гана бутага алып жатабыз деп ырастаган менен, Батыш өлкөлөрү жана Сирия оппозициясы президент Башар Асадга каршы байистүү күчтөрдүн турумдарына да сокку урулуп жатканын такай айтып келишет. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG