Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Рак илдетин жеңген айымдар мода көрсөтүшөт


4-февраль - бүткүл дүйнөлүк рак оорусуна каршы күрөш күнүнө карата бүгүн Бишкек шаарында “Менин колумдан келет! Биздин колдон келет!” деген аталышта кайрымдуулук кечеси өтөт. Аны уюштуруп жаткан “Эргене” коомдук фондунун өкүлү Тынара Касымалиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, “Парк отель” комплексиндеги иш-чарада алгач онкологиялык ооруга чалдыккандардын укугу, дары-дармектин жетишсиздиги талкууланып, соңунда дартты жеңүүгө чакырган кече болот. Кирүү акысы - 1000 сом.

Билеттин наркы илдетке каршы морфин дарысынын бир таңгагынын баасына ылайыкталган. Кечеде рак оорусун жеңген он аял улуттук кийимчен мода көрсөтүп, муну менен дарттан арылуу мүмкүн экендигин даңазалашат.

- Кыргызстанда “Онкологиялык ооруларды алдын алуу жөнүндө” мыйзам болгону менен ал дээрлик иштебейт. Бюджеттен бөлүнгөн акча бейтаптардын ондон бирине гана жетет. Рак оорусуна каршы күрөшкөн жарандык активисттер бул документке өзгөртүү киргизип, 2014-жылы парламентке сунуштаган. Андан бери кароодо жатат. Депутаттардын жаңы курамы аны кабыл алып берет деп ишенебиз, - дейт Касымалиева.

Касымалиеванын айтымында, Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин депутаттары мыйзамды кабыл алууга убада беришкен.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда рак илдетине чалдыккан 25 миңдей адам бар. (SE)

Рак илдетин жеңген айымдар мода көрсөтүшөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:30 0:00

XS
SM
MD
LG