Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Орус оппозиционерлери Кадыровго каршы арыз беришти


Рамзан Кадыровдун Instagram баракчасындагы видео.
Рамзан Кадыровдун Instagram баракчасындагы видео.

ПАРНАС партиясынын төрагасы, мурдагы премьер-министр Михаил Касьянов жана коомдук ишмер Владимир Кара-Мурза Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы - ФСБга жолдогон арызында Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго каршы кылмыш ишин ачууну талап кылышты.

Алардын адвокаты Вадим Прохоровдун билдиргенине караганда, эми ушундай эле арыз Тергөө комитетине да берилет.

Орус оппозиционерлеринин Чеченстандын башчысына каршы арыз жазуусуна Кадыров Instagram социалдык түйүнүндөгү баракчасына жайгаштырган видео себеп болду.

Анда Михаил Касьянов менен Владимир Кара-Мурза мылтыктын оптикалык кароолунун сызыктары кесилишкен жерде тартылган.

Оппозиционерлер ал видеону “өлтүрүүгө тикелей” шыкак берүү деп баалашкан болчу.

Ал эми Чеченстандын маалымат жана улуттук саясат министри Жамбулат Умаров алардын билдирүүсүнөн кийин Кадыровдун Instagram баракчасындагы видеодо оппозиционерлер мылтыктын оптикалык кароолуна эмес перископко (жашыруун жерден айланага байкоо салуучу жабдуу) коюлганын, видео “жарым-жартылай тамаша” иретинде жасалганын айткан.

Адам укуктарын тебелеп-тепсегени үчүн айыпталып жүргөн Кадыровдун сынчылары ал былтыр февралда Москвада атып өлтүрүлгөн оппозициячыл саясатчы Борис Немцовго кол салуунун артында да турушу мүмкүн деп шек санашат. Бирок аны суракка алдыруу боюнча аракеттерден майнап чыккан жок. (UE)

XS
SM
MD
LG