Бишкекте 5-6-февраль күндөрү муз үстүндө көркөм бийлөө боюнча бешинчи ачык чемпиондук өтөт. Шаардык Дене тарбия жана спорт комитетинен маалымдашкандай, эки күндүк бул мелдешке 4 жаштан 15 жашка чейинки 50дөн ашуун спортчу катышат. Таймаштын эрежесине ылайык, байгелер жеке жана жуп болуп бийлегендер арасында ойнотулат.
Бул ачык чемпиондук кыргыз спортчуларын эл аралык мелдештерге даярдоонун кезектеги бир баскычы болуп саналат. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланат. (КЕ)