Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Ошто жасалма кыргыз паспорту менен грузин жараны кармалды


Чек ара кызматынан кабарлашкандай, 4-февраль күнү Ош аба майданындагы көзөмөл-өткөрмө бекетинде Стамбулга учканы жаткан Грузиянын жараны кармалды. Текшерүүдө анын Кыргызстан жаранынын атына жазылган жасалма паспорт менен учууга аракет жасаганы аныкталган. Керектүү кагаздар толтурулуп, кармалган адам тартип коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле чек арачылар 3-февралда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек – унаа жолу” өткөрмө бекетинде башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашкан.

Өткөн жылы Орусия чек арачылары Кыргызстандан жасалма паспорт алып, Орусияга кирүүгө аракет кылган түрк жаранын кармаган. Былтыр Кыргызстанда жети миңден ашуун паспорт мыйзамсыз берилгени тууралуу маалымат чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG