Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Токмоктолду делген Назбийкени ата-энеси үйүнө чакырууда


Жакындарынын кордугуна кабылып качып келди делген Назбийкенин ата-энеси аны бейтааныштар токмоктогонун айтып чыгышты. Алар кимдир бирөөлөрдүн азгырыгына кирип ушул жолго барганын айтып, кызынын үйүнө кайтуусун суранышууда. Назбийкенин 45 жаштагы апасы Айнура Жаркынбаеванын маалымат жыйында айтканына караганда, буга чейин да кызы үйдөн үч жолу качып, милициянын жардамы менен кайтарышкан. Азыр бул окуяны Сузак райондук милициясы тергөөгө алып жатат.

3-февралда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ата-энесинен кордугуна чыдабай качып келкен 17 жаштагы жалалабаддык Назбийке аттуу кыз Бишкектеги реабилитациялык борборго жайгаштырылганын кабарлаган. Маалыматка ылайык, ал үйүндө жакындарынын катаал мамилесине туш болгонун, ошол себептен качып чыкканын айтып, мамлекеттик органдарга кайрылган. (КЕ/RsK)

XS
SM
MD
LG