Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Тышкы карыз 169 миллион долларга көбөйдү


Кыргызстан тыштан алган насыянын бир бөлүгүн жолдорду курууга жумшаган

Кыргызстан тыштан алган насыянын бир бөлүгүн жолдорду курууга жумшаган

Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын тышкы карызы өткөн жылы дээрлик беш пайызга көбөйгөн. Бул 169 миллион долларды түзөт. Муну менен Кыргызстандын тышкы карызы жалпысынан 3,6 миллиард доллардан ашуун деп эсептелди. Ал эми өлкөнүн ички карызы 15,5 миллиард сомго жеткен.

Министрликтин маалыматына караганда, насыялардын 98% ашууну жеңилдетилген шартта алынган. Бирок доллардын курсунун өсүүсү сырткы карызды төлөөдө оорчулук жаратууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG