Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

Дүйнө лидерлери Лондондогу донорлор жыйынына чогулушту


Иорданиядагы качкындар лагериндеги сириялык балдар.

Иорданиядагы качкындар лагериндеги сириялык балдар.

Лондондо өтүп жаткан донорлор жыйынынын уюштуруучулары Сириядагы беш жылдан бери уланып келе жаткан согуштан жабыргандарга жардам катары 9 миллиард доллар тартууну көздөшүүдө. Азырынча гуманитардык программалардын ишке ашуусуна 3, 4 миллиард доллар чогултулду. Жыйынга келген 70тей өлкөнүн лидерлери Сирия менен чектеш өлкөлөрдүн аймактарына кире качкан төрт жарым миллион сириялык качкынга жардам берүүнүн жолдорун талкуулашары күтүлүүдө.

1-февралда жарыялаган баяндамасында Oxfam эл аралык кайрымдуулук уюму Сириядагы жаңжалга кийлигишип жаткан бир катар өлкөлөрдү анын ичинде Орусияны төрт жылга уланган согуштан жабыркагандарга жетиштүү жардам бербегени үчүн кескин сынга алган.

Баяндамада Орусия, Сауд Арабия жана Франция эң аз каржы жардамын көрсөткөн өлкөлөр катары белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG