Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Европалык авиакомпаниялар Иранга каттамдарын жандантат


Ирандын президенти Хасан Роухани франциялык Airbus компаниясынан жүргүнчү ташыган 118 учак алуу келишимине кол койгон.
Ирандын президенти Хасан Роухани франциялык Airbus компаниясынан жүргүнчү ташыган 118 учак алуу келишимине кол койгон.

Британиялык British Airways компаниясы Тегеран менен авиакаттамдарды жандантуу ниетин билдирди. Мурдараак мындай билдирүүлөрүн франциялык Air France жана голландиялык KLM авиакомпаниялары жасаган. Компаниялар Иранга батыш өлкөлөрү тарабынан салынган санкциялар алынып салынган соң мындай кадамдарга барышууда.

2015-жылдын 15-июлунда Иран менен алты дүйнөлүк державанын ортосундагы Тегерандын өзөктүк программасы боюнча узакка созулган сүйлөшүүлөр соңуна чыгып, тарыхый келишимге кол коюлган.

Вена келишимине ылайык, Иран Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттиктин байкоочуларын өлкөгө киргизип, ал эми Батыш мамлекеттери Ирандан акырындык менен санкцияларды жоюуга милдеттенме алышкан. 16-январда МАГАТЭ Иран келишимдеги шарттарды толук аткарганын жарыялаган соң Батыш өлкөлөрү Иранга каршы санкциялар алынганын билдирген.

Өткөн аптада Иран президенти Хасан Роухани Европанын бир катар өлкөлөрүн кыдырып, франциялык Airbus компаниясынан жүргүнчү ташыган 118 учак алуу келишимине кол койгон.

XS
SM
MD
LG