Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:55

Кантта табылган 233 даана снаряд жок кылынууда


Кант шаарындагы акыр-чикир топтолгон чуңкурдан табылган 233 даана снаряд бүгүн кечке чейин толугу менен жок кылынат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын маалымат катчысы Азамат Дүйшөнбеков билдирди. Анын айтуусунда, учурда тиешелүү органдар менен бирге табылган жардыруучу заттар толугу менен текшерилүүдө. Снаряддар болжол менен 20 жылдан бери чуңкурда жаткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Кант-МТС” ишканасынын кызматкерлери шаардагы акыр-чикир топтолгон чуңкурдан дат баскан жарылуучу заттарды таап алганын бүгүн кабарлаган. Снаряддар “Ала-Тоо” полигонуна жардыруу үчүн ташылып кетти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG