Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Акун: Кыргызстан кыргыз айылдардын атын тажиктештирүү демилгесине жооп бериши керек


Тажикстандагы этникалык кыргыздар
Тажикстандагы этникалык кыргыздар

Кыргызстан Тажикстандын президент Эмомали Рахмондун түркий тилдердеги жер-суу аттарын алмаштыруу тапшырмасына жооп берип, реакция жасашы керек. Мындай пикирин “Азаттыкка” мурдагы акыйкатчы жана укук коргоочу Турсунбек Акун билдирди.

-Тажикстанда айыл-кыштактардын тарыхый аттары бүт өзгөртүлүп атыптыр. Булар далай кылым карыткан, тарыхтын барагынан өткөн аттар. Алардын бардыгы Тажикстандын суверендүүлүгүнө эч кандай шек келтирбейт. Кыргыз коомчулугу, Дүйшөмбүдөгү, Мургабдагы кыргыздар кайрылышты.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон түркий тилдердеги жер-суу аттарын алмаштыруу тапшырмасын койгон. Буга ылайык, парламентке тээ байыртадан кыргызча же өзбекче аталып келген он калктуу конушка берилчү жаңы аталыштардын тизмеси жиберилген. Жаңы аталыштардын баары тажик тили кирген перс тилинде жана патриоттук мүнөздө болууга тийиш. Кыргыз жана өзбек тилиндеги географиялык аталыштар бул талапка шай келбейт экен. Алардын кээ бирлерине персче эски аты кайтарылат, андай аты болбогондорго тарыхтагы тажик баатырларынын наамы берилет же тажикче жаңы ат коюлат.

Маселен, Кыргызстандын Баткен облусуна жакын Кайраккум деген шаарга Гулистан, ушул эле атты алып жүргөн суу сактагычка Бахри точик (Тажик деңизи) деген ат берилмекчи. Байыртадан эле кыргыздар байырлап келген Жерге-Тал районуна Лахш, Жили-Көл районуна Дусти (Достук) деген аталыштар ыйгарылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG