Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:37

Транс -Тынч океан өнөктөштүгү боюнча макулдашууга кол коюлду


АКШ президенти Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама.

Азия-Тынч океан аймагындагы 12 өлкөнүн өкүлдөрү бүгүн Жаңы Зеландияда Транс-Тынч океан өнөктөштүгү боюнча макулдашууга кол коюшту. Жаңы эркин соода аймагына болжол менен дүйнө экономикасынын үчтөн бир бөлүгү туура келет.

Макулдашууга АКШ, Жапония, Канада, Австралия, Жаңы Зеландия, Малайзия, Сингапур, Вьетнам, Перу, Чили, Мексика жана Бруней кол коюшту. Жаңы эркин соода аймагына Кытай менен Орусия кирген жок. Эми документ мүчө өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан ратификацияланышы керек.

АКШ президенти Барак Обама Конгрестти тезирээк бул макулдашууну карап чыгууга чакырды. Ал эми Конгресс жаңы демилгени президенттик шайлоо өткөн соң гана талкууга алууга ниеттенүүдө.

- Транс-Тынч океан өнөктөштүгү Кытай эмес АКШдай өлкөлөргө 21-кылымдын эрежелерин түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул дүркүрөп өсүп бараткан Азия-Тынч океан аймагында өзгөчө мааниге ээ, -деп билдирди Обама.

АКШдан башка бул өнөктөштүккө мүчө бир катар өлкөлөрдө аймактык жаңы экономикалык түзүмгө каршы чыккандар арбын. Жаңы Зеландиянын баш калаасы Велингтондо өткөн акцияда демонстранттар бул макулдашуу көз карандысыздыктын жоголушуна жана жумушсуздуктун көбөйүшүнө алып келерин белгилешти.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG