Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Тажикстан RT каналынын журналисттерин каттоодон баш тартты


RT (Russia Today) каналы 2013-жылы президент Владимир Путин тарабынан негизделген.
RT (Russia Today) каналы 2013-жылы президент Владимир Путин тарабынан негизделген.

Бул тууралуу бүгүн Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов билдирди.

Мурда Russia Today деген аталыш менен белгилүү RT телеканалы 2014-жылдан бери Дүйшөмбүдө өз өкүлчүлүгүн ача албай келет.

Министрдин айтымында, канал өкмөттүн айрым суроолоруна ушул күнгө чейин жооп бере элек. Аслов толугураак маалымат берүүдөн баш тартты. Аналитиктердин пикиринде, расмий Душанбе “орус пропагандасынын” таасиринен кооптонууда. Ошентсе да Тажикстанда башка орусиялык медиа каражаттардын журналисттери өз иштерин мурдагыдай эле улантып келе жатат.

XS
SM
MD
LG