Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

“Ата-Журт” партиясы жергиликтүү шайлоолорго өзүнчө барат


"Республика Ата-Журттун" лидерлери Бабанов жана Ташиев.
"Республика Ата-Журттун" лидерлери Бабанов жана Ташиев.

Былтыркы парламенттик шайлоодо “Республика” партиясына кошулган “атажуртчулар” жергиликтүү шайлоолорго өз алдынча катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын саясий кеңешинин өкүлү Нурлан Шакиев билдирип, мындай сунуш аймактардагы мүчөлөрдөн түшкөнүн маалымдады:

- Жер-жерлердеги активдүү электорат ушундай талап менен Камчыбек Ташиевге кайрылышып, жергиликтүү шайлоолорго “Республика Ата-Журтка” кошулбай, өз алдынча барышыбыз керек деп айтышты. Жетекчилик ойлонуп көрүп, ага макул болдук. Эмки шайлоолорго өзүнчө катышабыз.

“Ата журт” партиясы жергиликтүү шайлоолорго өзүнчө барат
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:22 0:00

Лидери Камчыбек Ташиев саналган “Ата Журт” 2010-жылы түзүлгөн. Былтыркы парламенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановдун “Республика” партиясына кошулуп, "Республика Ата-Журт" партиясы түзүлгөн.

“Республика Ата-Журт” азырынча буга комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG