Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Германия качкындарга жардам катары 2,5 млрд доллар бөлөт


Германиянын канцлери Ангела Меркель.
Германиянын канцлери Ангела Меркель.

Германия 2018-жылга чейин сириялык качкындарга жардам катары 2,5 млрд доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Лондондо өтүп жаткан донорлор жыйынында өлкө канцлери Ангела Меркел билдирди. Быйыл Берлин Сириядагы узакка созулган согуштан жабыркагандарга бир миллиондон ашыгыраак евро бөлүп берет. Улуттар уюму эл аралык коомчулукту Сирияда жабыркагандарга 9 миллиард доллар чогултуп берүүгө чакырды.

1-февралда жарыялаган баяндамасында Oxfam эл аралык кайрымдуулук уюму Сириядагы жаңжалга кийлигишип жаткан бир катар өлкөлөрдү анын ичинде Орусияны төрт жылга уланган согуштан жабыркагандарга жетиштүү жардам бербегени үчүн кескин сынга алган.

Баяндамада Орусия, Сауд Арабия жана Франция эң аз каржылык жардам көрсөткөн өлкөлөр катары белгиленген.

Шаршемби күнү кечинде БУУнун Сирия кризиси боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура Женевада 1-февралда башталган Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдө 25-февралга “убактылуу тыныгуу” жарыялады.

XS
SM
MD
LG