Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

"Апрелчилер" куудулдарга нааразы


Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү, 7-апрель, 2013-жыл.
Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү, 7-апрель, 2013-жыл.

Парламенттин КСДП фракциясынан депутат Мээрбек Мискенбаев апрель баатырлары тууралуу саясий сатира жараткан куудулдарга чара көрүүгө чакырды.

Депутаттын айтымында, куудулдардын интермедиясы 2010-жылдагы ыңкылапка катышкандарды мазактап, коомго ажырым салууда. Мына ошондуктан Мискенбаев куудулдардын концерттик программаларын чектөөнү сунуштады. Куудулдар болсо коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү юмордун тили менен беришкенин жана анын мыйзамга каршы келбесин айтышууда.

Чара көрүү талап кылынды

Жаңы жылдын алдында жана январь айынын башында куудулдар Бишкек менен Ош шаарларында көрүүчүлөргө бир нече күнгө концерт беришкен. Анда Тынар Курбаналиев баштаган куудулдар тобу сатирик Рахман Разыковдун сөзүнө жазылган кээ бир апрель баатырларынын жүрүм-турумуна байланыштуу интермедияны аткарышкан. Депутат Мискенбаев атайын кызмат менен тартип сакчылары апрель баатырлары тууралуу ал интермедияга карата унчукпай жатканына бушайман болду. Буга "апрелчилердин" “Айкөл-Ала-Тоо” коомдук бирикмеси да ачууланып чыкты.

Мээрбек Мискенбаев (Сүрөт депутаттын Фейсбуктагы баракчасынан алынды)
Мээрбек Мискенбаев (Сүрөт депутаттын Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

Парламенттин КСДП фракциясынан депутат Мээрбек Мискенбаев бул сатираны элге жайылткан куудулдарга карата тез арада чара көрүүнү талап кылды:

- Бул куудулдарга маркумдардын туугандары абдан нааразы болуп жатышат. Мындай адамдарга берилген наамдарды алып салуу керек. Бул ишти ИИМ карап чыгып иликтеп, мыйзам чегинде чара көрсүн деген талаптарды коёбуз. Маданият министрлиги өз сунушун айтышы керек. Тиешелүү бийлик органдарынын унчукпаганы аларга каалаганын айтканга жол берүүдө. Бул адамдар түндүк менен түштүк маселесин көтөрүп, элди экиге бөлүп жатышат. Алар элдин артисти эмес эле акчага азгырылган саясий маскарапоздор. Өз канын төгүп, биздин жаркын жашообуз үчүн жанын аябаган баатырларыбыздын аркасынан бычак урушту. Буларга катуу жаза берүү керек. Антпесе демократияга жамынып алып, билгенин кылып жатат.

Бул сатираны жазган жана аны аткарган куудулдар Рахман Разыков менен Тынар Курбаналиев гастролдо болгондуктан депутаттын дооматы боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Куудул Талант Анарбаев ал сатирада коомду бузуп-жара турган чакырык жок экенин белгиледи.

Юморду түшүнбөгөндөргө юмор

Талант Анарбаев өзү дагы буга чейин бийликти чымчыган сатираларды жаратканын айтып, юмор тескерисинче коомдогу чыңалууну жумшарта турганына токтолду:

- Мен юмор аркылуу президентти баш кылып, депутаттарды кошуп сындап келгем. Себеби бычакка сап эч кимиси жок. Анан эми ошондой нерселер эч жактан айтылбай дымып жата берсе, бир күнү жарылуу болот. Ошондуктан мына ошол нерселерди эл күлкү менен укса, бир топ жеңилдеп калат. Анан биз элдин көйгөйүн, коомдогу терс көрүнүштөрдү күлкү аркылуу жеткирип турабыз. Биз курал көтөрүп, аянтка чыккан жокпуз. Болгону туура эмес иштерди юмор менен гана берип жатабыз. Биздин оозубузду эч ким жаба албайт, сындай беребиз, айта беребиз. Ошол эле депутат Мискенбаевди дагы элге айтып чыгабыз.

Куудулдар “кийиз килемге” чакыртылат

КСДП фракциясынан депутат Мискенбаевдин куудулдарга койгон дооматына карата маданият министри Алтынбек Максүтов жооп берди. Маданият министри кийинки учурда эстетикалык деңгээли төмөн концерттик программалар көбөйүп кеткенин айтып, аларды жакындан тарта атайын түзүлгөн көркөм кеңеш тескей баштарын белгиледи.

Ошол эле кезде маданият министри Алтынбек Максүтов куудулдардын аталган интермедиясы боюнча чара көрүлөрүн айтты:

- Куудулдуктун деңгээли төмөн түшүп кеткени боюнча жакында сүйлөшөбүз. Анан эми бул маселеге укук коргоо органдары өз баасын берет. Биз мына ошондой туура эмес нерселерди элге жайылткандарга карата чара көрүүнү иштеп чыкканбыз. Бул боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Эми мына ошол тасмалар иликтенип, анда кандайдыр бир коомго ажырым салган нерселер болсо, аларга мындан ары уруксат берилбейт.

Борончу Кудайбергенов
Борончу Кудайбергенов

Башка бир куудул Борончу Кудайбергенов болсо саясий сатираны чектөөнү сөз эркиндигин ооздуктоого жасалган аракет катары кабыл алды. Куудул Борончу турмуштан алынган сатирага ардангандын ордуна андан жыйынтык чыгарышса болмок деген ойдо:

- Өздөрүнүн кылып жаткан нерсесин эл айтат, анан биз элден угуп, кайра сатира түрүндө элге жайылтабыз. Анан эле биз күнөөлүү болуп калабыз. Анан эми баатырлыктын баркын кетирип, каякка барышса деле күбөлүгүн көтөрүп алышып “мен баатырмын” деп бир нерседен бекер пайдаланганга куштар адамдар көбөйбөдүбү. Мына ошолор тууралуу эл арасында "булар ушинтип жүрсө, эмнеси баатыр?" деген сындарды көп эле уктук. Ал сатира мына ошол көрүнүштү чагылдырса керек.

Маданият министрлиги сатираны чыгарган куудулдарды өзүнө чакырып, эскертүү бериши мүмкүн экени белгилүү болду. Экинчи ирет ошондой оңтойсуз тамаша кайталанса, анда аларга карата катуу чара көрүлө турганы белгиленди.

XS
SM
MD
LG