Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Давытоглу: Түркияга миңдеген сириялык качкындар агылууда


Түркиянын премьер-министри Ахмет Давытоглу.

Түркиянын премьер-министри Ахмет Давытоглу.

Түркиянын премьер-министри Ахмет Давытоглу Сириядагы согуштук операциялардын күчөшүнө байланыштуу Алеппо провинциясынан Түркияны көздөй 60-70 миңдей качкын агылганын билдирди.

“Оң миңдеген качкын Килис шаарынын босогосунда турат”- деди Давытоглу Лондондо өтүп жаткан донорлор жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Лондондо өтүп жаткан донорлор жыйынынын уюштуруучулары Сириядагы беш жылдан бери уланып келе жаткан согуштан жабыргандарга жардам катары 9 миллиард доллар тартууну көздөшүүдө. Азырынча гуманитардык программалардын ишке ашуусуна 3,4 миллиард доллар чогултулду. Жыйынга келген 70тей өлкөнүн лидерлери Сирия менен чектеш өлкөлөрдүн аймактарына кире качкан төрт жарым миллион сириялык качкынга жардам берүүнүн жолдорун талкуулашууда.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG