БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун бейшембиде Лондондогу донорлор жыйынында сүйлөп жатып, эл аралык коомчулуктун Сирия элине 10 миллиард доллар жардам берүү убадасына кубанычта экенин билдирди. Анын айтымында, бул рекорддук көлөмдөгү каражат бир эле күндө анык болду.
Британ бийлиги 1 миллиард 75 миллион, АКШ мурдагы 5 миллиардга жакын каражатка дагы 900 миллион кошууга, Германия 2018-жылга чейин 2,5 миллиард бөлүүгө убада беришкен. Ал эми конференцияга барган Орусия бийлигинин өкүлү жыйынга Дамасктан эч ким келбегенине байланыштуу бул маселени талкуулоо татаал экенин “Твиттерге” жазды.