Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Германияда ыктымалдуу теракт пландары ачыкка чыкты


Теракт уюштурууга шектелип кармалгандардын бири. Германия, 4-февраль, 2016-жыл.

Теракт уюштурууга шектелип кармалгандардын бири. Германия, 4-февраль, 2016-жыл.

Германия бийлиги немис баш калаасында ишке ашыруу пландалган теракт аныкталып, анын уюштуруучулары колго түшкөнүн маалымдады. Жардырууларды “Ислам мамлекети” террордук тобуна катышы бар алжирлик экстремисттер ишке ашырууга бел байлаганы айтылууда. Теракт уюштурууга аракет кылгандардын бири Берлинде, экинчиси Аттендорн калаасында колго түшүштү. Ганновердеги качкындар борборунда баш калкалап жаткан дагы эки шектүү суракка алынган, бирок азырынча камалган жок.

Dpa агенттиги күч органдарына таянып билдиргендей, теракт тууралуу шектүүлөрдүн телефон сүйлөшүүлөрүнөн маалым болгон. Алар Чекпойтн Чари жана Александерплатц деген аймактарда жардыруу уюштурууну пландашкан.

Былтыр ноябрда Парижде 130 кишинин өмүрүн кыйган теракттан соң Германияда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG