Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Картер: Эр-Рияд ИМ тобуна каршы күрөштү күчөтүүгө даяр


АКШ коргоо министри Эштон Картер билдиргендей, Сауд Арабия өкмөтү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштө активдүү роль ойноого даяр экенин маалымдады. Пентагон башчысы бул тууралуу Эр-Рияддын аскер жетекчилигинин сөздөрүнө таянып билдирүү жасаганын Associated Press кабарлады. Маалыматка караганда, аскер коалициясынын башында турган АКШ макул болсо, Саудия падышачылыгы Сирияга кошуун жиберүүгө даяр.

Генерал Ахмед Асири бул демилге ушул айда Брюсселде өтө турган жолугушууларда дагы талкуулана турганын айтты. Азырынча Сауд Арабия канча аскер жөнөтүүнү пландаганы анык эмес.

XS
SM
MD
LG