Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Өзбекстанда «Гитлер» атка конгон аким кызматтан алынды


Ташкен облусунун акими Ахмаджан Усманов кызматтан алынганына кубангангандар майрам уюштура баштады.

Усманов президент Ислам Каримовдун сунушу менен бошотулду. Аны кызматтан алууну Элдик кеңеши кезексиз жыйында жапырт колдоп беришти. Усманов мурда Анжиян облусун башкарып, катаал пейилинен улам «Гитлер» атка конгон.

Ташкен облусунун акими кызматына келгенден соң мүнөзү ого бетер күчөгөнү, элге орой мамиле жасап, адамдарды малай катары көргөнү, айрым учурда мушташып кеткени калк ичинде аңыз кепке айланган.

Ташкен дубанынын кээ бир тургундары Усмановдун кызматтан алынышына кубанып, кой союп, майрамдап жатышканын “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиришти.

XS
SM
MD
LG