Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

Бул тууралуу Нарын облустук төрөткананын дарыгери Кундуз Карымшакова билдирди. Анын айтымында, 14 жаштагы кош бойлуу кыз 14-январда төрөтканага оор акыбалда келип 29-январда операция жолу менен көз жарган. Учурда эненин абалы жакшы. Ал эми ымыркай ара төрөлгөндүктөн дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 24 жаштагы Ат-Башы районунун тургуну камалган. Учурда кылмыш иши козголду. Маалыматка караганда, кылмышка шектүү жаран Нарын шаарында дагы бир 16 жаштагы кызды алдап, намысына тийип жүргөндүгү аныкталган.

Кыргызстанда жылына расмий түрдө 13-17 жаштагы секелектер арасында 200дөн ашуун бойдон алдыруу катталат. Евразиядагы мамлекеттердин ичинен 19 жашка чейинки төрөгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан 5-орунду ээлеген (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG