Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнөн билдиришти. Алынган маалыматка караганда, Кыргызстандын түштүгүндөгү темир жол катнашы 1914-жылдан башталат.

Биринчи поезд 1914-жылы Кара-Суу районундагы бекетке чейин келген. Жалал-Абадга биринчи поезд 1916-жылы каттаган. Андан кийин 1930-1935-жылдары Кыргызстандын түштүк аймактарына бир катар темир жол бекеттери курулган. Алар Кара-Суу, Кашкар-Кыштак, Ош, Жалал-Абад, Багыш, Көк-Жаңгак, Кува-Сай, Кызыл-Кыя, Үч-Коргон, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр бекеттери.

Кыргызстандын түштүк аймактарында казылып алынган көмүрдү поюздарга жүктөп, мурдагы Советтер Союзундагы шаарларга жеткирилип турган. Аталган ишканада ушу тапта 636 киши эмгектенет. Жумушчулардын орточо айлык акылары 10-12 миң сомдун тегерегинде. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG