Линктер

logo-print
ишемби, 29 октябрь, 2016 Бишкек убактысы: 08:52

Узакка созулган аномалдуу жылуу аба ырайынан кийин аба ырайы кескин өзгөрүлөт. 9-11-февралда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көлдө 19-24 метрге чейин жетет.

10-12-февралда абанын температурасы төмөндөйт: Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын өрөндөөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12 градус, күндүз -2…-7, Талас өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн 10…15°, күндүз -5…-10° чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз 10…-15, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -13…-18 градуска чейин төмөндөйт.

Мындай аба ырайы автожолдордун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

6-февралда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз 10...15,

Таласта түнкүсүн -2...-7, күндүз 7...12,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 9...14,

Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 8...13,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9 градус болсо,

Нарында түнкүсүн -19...-24, күндүз -3..-8 градус суук болот.

6-февралда Бишкек шаарында кар жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1 градус сууктан…1 градус жылуулукка чейин, күндүз 13…15 градус жылуу болот. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG