Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

“Центерранын” директорлор кеӊешинин эки мүчөсү кызматтан кетти


"Кумтөр" алтын кени.

"Кумтөр" алтын кени.

“Центерра голд инктин” Директорлор кеӊешинин “Кыргызалтын” сунуштаган мүчөлөрү Калыйнур Садыров менен Эмил Орозбаев өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз берди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин “Республика Ата-Журт” фракциясынын бүгүнкү жыйынында белгилүү болду. “Кыргызалтындын” төрага орун басары Бектур Сагыновдун пикиринде, аты аталгандар кыргыз тараптын таламын талашкан мүчөсү катары өздөрүнө тагылган милдеттерди толук аткара алган жок.

Бүгүн Жогорку Кеңештин “Республика Ата-Журт” фракциясы “Центерра Голд Инк” компаниясынын Директорлор кеңешинин 4,6 миллион даана акциясына кошумча эмиссия чыгаруу тууралуу чечимин талкуулады. Маалыматка караганда, азыр ал акциялардын бир бөлүгү чыгарылды, дагы бир бөлүгү сатыкка даярдалууда.

Бул багытта “Кыргызалтын” юридикалык компания жалдап, сотко кайрылуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Ал эми “Центерра голд инктин” Директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сынак жарыяланды. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG