Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

НАТО: Орусиянын аба соккулары Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүнү жокко чыгарууда


Алеппонун ал-Шаар району аба соккуларынан кийин. 4-февраль, 2016-жыл.
Алеппонун ал-Шаар району аба соккуларынан кийин. 4-февраль, 2016-жыл.

Бул тууралуу бүгүн Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин Амстердамдагы жыйынына катышканы келген НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди.

Ал белгилегендей, “Орусиянын көбүнесе оппозициячыл топторду бутага алган ургаалдуу аба соккулары жаңжалды тынчтык жол менен жөнгөрүү боюнча аракеттерди жокко чыгарууда”.

Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөр эки күн мурда “убактылуу токтоду” деп жарыяланган.

Ага тушташ Сириянын абадан Орусия колдогон өкмөттүк күчтөрү Алеппо шаарындагы козголоңчуларга каршы жаңы чабуул баштаган эле.

Түркиянын премьер-министри Ахмед Давутоглы кечээ Орусиянын Алепподогу жана анын айланасындагы аба соккулары миңдеген качкындардын жаңы толкунун жаратканын билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG