Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 04:10

Бул тууралуу бүгүн ГЭС курууга жумшалган каражатты текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында “Жогорку Нарын ГЭСтери” ишканасынын башкармалыгынын башчысы Александр Нарваев билдирди. Анын айтымында, жалпысынан долбоорду ишке ашырууга 2 миллиард сом жумшалган. 450 орундук кенчилер жашачу айыл курулуп, ага 260 миллион сом каражат кеткен. Мындан сырткары убактылуу көпүрө транспорт жана байланыш министрлигинен ижарага алынган. Аталган ишкана жетекчилиги эсеп палатасы жана аудит кеткен каражатты эсептеп чыкса болорун билдирди.

Буга чейин комиссия төрагасы Алмамбет Шыкмаматов курулуш үчүн сарпталган каражат 2-3 эсе көбөйтүлүп көрсөтүлгөнүн билдирген болчу.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан, Орусиядан иш жылбай жатканына байланыштуу Кыргызстан бул макулдашуудан чыккан.

Орусия ГЭСтин алгачкы курулуш иштерине 37 миллион доллар коротконун ырастап келатат. Депутаттар курулушка 5 миллион доллар да кетпегенин айтышат. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG