Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Пенсия жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралууда


Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 4562 сом. Бишкек, 1-октябрь, 2013-жыл
Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 4562 сом. Бишкек, 1-октябрь, 2013-жыл

Пенсионерлердин пенсиясын банктар аркылуу төлөө системасы Бишкек, Ош жана башка ири шаарларда колдонулганы менен айыл жерлеринде “Кыргызпочтасы” аркылуу жүргүзүлөт. Ири суммадагы накталай акчаны айылдык почта түйүндөрүнө ташуу кооптуу экендигин эске алуу менен Социалдык фонд “Кыргызпочтасын” реформалоонун алкагында жер-жерлердеги почта түйүндөрүнө банкомат орнотуп, пенсионерлерди карточка менен тейлеген заманбап ыкма киргизүүдө. Бул тууралуу социалдык фонддун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, коммерциялык банктар банкомат кызматын көрсөткөнү үчүн алынган акчанын 0,5% төлөөнү жана жер-жерлерге банкомат орнотууга көп каражат талап кылышат. Ошондой эле алыскы аймактарга акчаны капка салып ташып бараткан почточуларга кол салып, тоноп кеткен учурлардын көбөйүшү жер-жерлердеги почта бөлүмдөрүнө банкомат орнотуу зарылчылыгын жараткан.

Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 4562 сом.(ZKo)

XS
SM
MD
LG