Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:28

Тайвандагы жер титирөөдө жети киши набыт болду


Тайвандагы жер титирөө
Тайвандагы жер титирөө

Тайвандын түштүгүндөгү Тайнан шаарында 6-февралдын таңында күчү 6,4 баллга жеткен силкинүү болуп, алдын ала маалыматтар боюнча жети киши каза тапкан. Өлгөндөрдүн арасында 10 жаштагы бала бар. Дагы 150 киши жаракат алганы кабарланууда.

Тайнан шаарында 2 миллиондон ашуун киши жашайт.

Рейтер агенттиги шаардагы өрт өчүрүү кызматына шилтеме кылып билдиргендей, куткаруучулар 17 кабаттуу үйдөн 123 кишини сактап калышкан. Ошондой эле талкаланган жети кабаттуу үйдөн 30 киши куткарылган. Акыркы маалыматтар боюнча куткарылгандардын саны 220га жетти.

Куткаруу иштери улантылууда.

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат төрт чамасында, элдин көпчүлүгү уктап жаткан учурда болгон. Силкинүү бир нече жолу катталган. Маалыматтар боюнча жер титирөөнүн очогу жерден 10 миң метр төмөндө болгон.

Тайванда күчү 7,6 баллга жеткен силкинүү 1999-жылы болгон, анда кырсыктан 2,5 миңге чукул киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG