Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:09

Нарын: Өрттөнгөн жубайлар ооруканада


Милициянын маалыматы боюнча, окуя 5-ферваль күнү саат 17:00 чамасында болгон. Нарын шаарынын 27 жаштагы тургуну аялы иштеген кеңсеге келип, андагы кызматкерди “келинчеги менен сүйлөшүп алуу үчүн” чыгарып жиберген. Эшикти ичинен илип алган соң, аялына жана өзүнө ала келген канистрдеги бензинди жаба куюп, от койгон. Кыйкырыкты уккан кызматкерлер эшикти сындырып кирип, өрттү өчүргөнчө, келиндин денеси 90%, өзүнүн денеси 60% күйүп кеткен. Экөө тең оорукананын реанимация бөлүмүндө жатышат.

Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Такталбаган маалыматтар боюнча өрткө себеп үй-бүлөлүк чырдан келип чыккан.(AsE/MiK)

XS
SM
MD
LG