Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Нарында өрттөлгөн келиндин абалы оор


Бул тууралуу Нарын облустук оорукананын башкы дарыгери Мурат Атбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, 22 жаштагы келиндин денеси 65-70% күйгөн, учурда оорукананын реанимация бөлүмүндө. Ал эми күйөөсүнүн денеси 35-40% күйгөн, абалы орто туруктуу.

Буга чейин ИИМдин басма сөз кызматы келиндин денеси 90% күйгөнүн маалымдаган.

5-февраль күнү кечке жуук Нарындын 27 жаштагы тургуну келинчеги иштеген кеңсеге келип, эшикти ичинен бекитип алып, өзүнө жана аялына бензин чачып өрттөп жиберген.(MiK/ZKo)

XS
SM
MD
LG