Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

Орусияда өкмөт башчынын кызматтан кетүүсү талап кылынды


Иркутсктагы акция
Иркутсктагы акция

Иркутск облусунда 6-февраль күнү эки нааразылык акциясы өттү. Усолье-Сибирское шаарынын жашоочулары жакырчылыкка, тергөө органдарындагы кыйноолорго каршы акцияга чыкты.

“Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, шаарда акыркы он беш жылдан бери бардык ишканалар жабылган. Нааразылык акциясына 200дөй киши катышып, бааларды арзандатууну жана коммуналдык төлөмдөрдү азайтууну талап кылышты. Ошондой эле дагы бир митинг оор жүк ташуучу автоунааларга жаңы киргизилген салыкка каршы “Антиплатон” деген ат менен уюштурулду. Ага жүк ташуучу унаалардын айдоочулары катышып, “Медведев кызматтан кетсин” деп кыйкырышты жана бул талапты акциянын резолюциясына киргизишти.

XS
SM
MD
LG