Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

763 сом карызы үчүн жарыгы өчүрүлгөн жаран жүрөгү кармап өлдү


Кочкор районунун Кара-Суу айлынын 63 жаштагы тургуну Анарбек Чороев төлөнбөгөн карызы үчүн электриктер электр зымын кесип жаткан учурда, кан басымы көтөрүлүп, каза тапкан. Бул тууралуу анын жакындары “Азаттыкка” билдиришти. Окуя 4-февралда, күндүзү болгон.

Бул маалыматты “Чыгыш электро” ишканасынын Кочкор аймактык электр тармактар ишканасынын жетекчиси Канатбек Кадыракунов да “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтуусунда, маркум үч айдан бери электр энергиясы үчүн акча төлөбөй, карызы 763 сом болгон. Буга чейин бир нече жолу эскертүү берилген. Ишкана башчысы Чороевдин өлүмүнө электр энергиясынын өчүрүлүүсү себеп болбогонун, бул жөн гана дал келүүчүлүк болуп калганын айтууда. (MiK/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG