Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

Колумбияда 3100 кош бойлуу аялда Зика вирусу аныкталды


Зика вирусу чиркейден жугат

Зика вирусу чиркейден жугат

Колумбияда 3100дөн ашуун кош бойлуу аялга Зика вирусу жукканы аныкталып, дагы 4 миңге жакын боюнда бар аял ооруну жуктурду деп божомолдонууда. Өлкөнүн президенти Хуан Мануель Сантос 6-февралда бул оору Америка өлкөлөрүндө өтө тездик менен жайылып жатканын жарыялады.

Жалпысынан Колумбияда Зикага чалдыккандардын саны азыр 24 645 киши деп саналууда. Бийлик вирусту алып жүргөн чиркейлерди жок кылуу үчүн өлкө боюнча тазалоо иштерин баштады деп кабарлайт Reuters. Түштүк Америка өлкөсүн каптаган Зика вирусун Дүйнөлүк саламаттыкты уюму глобалдык коркунуч деп таанып, жакынкы жылдары 4 миллионго чукул кишиге жугуу ыктымалдыгын эскерткен. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG