Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Прагадагы качкындар борбору соккуга алынды


Чехиядагы Пегида кыймылынын каршылык акциясы, 6-февраль, 2016-жыл
Чехиядагы Пегида кыймылынын каршылык акциясы, 6-февраль, 2016-жыл

6-февраль күнү жыйырмага чукул киши Чехиянын борбору Прагадагы качкындар борборуна кол салды. Шаардын Жижков районундагы Клинка аттуу качкындар борборуна Молотов коктейли ыргытылып, бул окуядан кеминде бир киши жаракат алды деп кабарлайт шаар башкармалыгы.

Аталган жайда иштеген активисттердин айтымында, кол салгандар неонацисттер болушкан.

Германиянын исламга каршы ПЕГИДА кыймылы 6-февралда Европанын бир катар шаарларында жүрүштөргө чыккан. (BCh)

XS
SM
MD
LG