Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулат


Жыйын 7-февраль күнү Нью-Йоркто, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө болот. Анда Түндүк Кореянын баллистикалык ракета учуруусу талкууга алынат. Чукул жыйынга чогулууну Түштүк Корея сунуштаганы айтылууда.

Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе “Түндүк Корея эл аралык коомчулуктун эскертүүсүн тоотпой, чагымчыл аракет жасоодо” деп билдирди.

Мындан тышкары Пхеньяндын дарегинде эл аралык уюмдар жана бир катар өлкөлөр да сын пикир айтышты. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Түндүк Кореяны “чагымчыл аракеттерди токтотууга” чакырды. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Пхеньян “эл аралык коомчулуктун үндөөлөрүн укпай, өз билгенин кылганы, аймактагы коопсуздукка, анын ичинде Түндүк Кореянын өзүнө эбегейсиз залал келтирерин” эскертти. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Пхеньян учурган баллистикалык ракета Американын коопсуздугуна коркунуч келтирерин белгиледи.

7-февралдын таңында «Кванмёнсон-4» деп аталган жасалма жандоочусун учурганын Түндүк Кореянын борбордук телеканалы маалымдаган. Анда бул Түндүк Кореянын "илим жана технология жаатындагы жетишкендигинин жыйынтыгы" деп айтылды.

XS
SM
MD
LG