Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Эрдоган АКШ дипломатынын Сириядагы күрттөргө сапарын сындады


Режеп Тайип Эрдоган
Режеп Тайип Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган америкалык расмий адамдын Сириянын күрт күчтөрүнүн колундагы шаарга барышын катуу сындады. 7-февралда жарыяланган билдирүүсүндө Эрдоган Вашингтон өнөктөш катары Түркияны же Күрттөрдүн демократиялык биримдик партиясын (PYD) тандоого тийиш деди.

“Биз силерге кантип ишенебиз?” – деген президент: “Өнөктөшүңөр менби же Кобанидеги террочуларбы?” – деп ачууланды.

Өткөн аптада АКШнын жогорку даражалуу дипломаты Бретт МакГарк күрттөр тобунун мүчөлөрү менен кездешкен. Күрттөрдүн демократиялык биримдик партиясынын куралдуу канаты АКШ баштаган коалициянын жардамы менен “Ислам мамлекети” радикал уюмунун согушкерлерин Кобаниден бир жыл мурун сүрүп чыгарышкан. Анкара партиянын Түркияда тыюу салынган Күрттөрдүн Жумушчу партиясы (PKK) менен байланышы бар деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG