Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Ооганстан боюнча сүйлөшүүлөр 23-февралда уланат


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү

Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрү Талибан менен Кабул өкмөтүнүн тикелей диалогун сүрөөнгө алуу керектигин белгилешти. Исламабадда сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын жыйнытыктап жатып, 6-февралда Ооганстан, Пакистан, АКШ жана Кытай расмий адамдары үстүбүздөгү айдын этегине чейин тараптардын тикелей кездешүүсүн өткөрүү датасын аныктоого аракет көрүшөрүн макулдашты. Төртилтик элдешүү процесси зомбулукту токтотууну, Ооганстанда тынчтык орнотууну көздөгөн саясий келишим түзүү менен аякташы керек деп белгилешти.

Ушул эле форматтагы жыйын 23-февралда Кабулда өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG