Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:55

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды кубаттады


Түндук Кореяда ракета учурулушун мамлекеттик телеканал кабарлады, Пхеньян, 6-январь, 2016-жыл.

Түндук Кореяда ракета учурулушун мамлекеттик телеканал кабарлады, Пхеньян, 6-январь, 2016-жыл.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын ракета учуруусун кескин сынга алып, олуттуу санкцияларды киргизүүнү жактады. Мындай билдирүү Түндүк Кореянын колдоочусу Кытай жана Коопсуздук Кеңештин 14 мүчөсү тарабынан 7-февралдагы чукул жыйында кабыл алынды. Түндүк Кореянын мамлекеттик телекөрсөтүүсү космоско жандоочу учурууну өлкө лидери Ким Чен Ын тапшырганын жана ал ийгиликтүү ишке ашканын маалымдаган.

Коопсуздук Кеңештин жыйыны АКШ, Жапония жана Түштүк Корея тарабынан чакырылып, алар Түндүк Кореянын иш-аракетине биргелешип жооп берүүнү сунушташты. Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмундагы өкүлү Саманта Пауэр санкциялар өтө олуттуу жана Пхеньян күтпөгөндөй болуш керектигин билдирди.

Ал эми Кытайдын өкүлү БУУнун чечими тирешүүнү басаңдатуу жана маселени чечүүгө салым кошуш керектигин белгиледи. Түндүк Кореянын Кванменсон-4 жандоочусу жерди айланып учуп жатканы кабарланды. Эл аралык коомчулук Пхеньяндын максаты космосту изилдөө эмес, өзөктүк курал ташуучу ракетаны сыноо деп айыптоодо. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG