Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Түндүк Кореянын аскер кемеси Түштүк Корея аймагына кирип барды


Түндүк Кореянын космостук ракетасы.

Түндүк Кореянын космостук ракетасы.

8-февралда эрте менен Түндүк Кореянын күзөттөгү аскер кемеси Түштүк Кореянын аймактык суусуна кирип келген. Түштүк Корея тарабынан эскертүү иретиндеги атуулардан кийин кеме артка кеткен.

Бул окуя Корей жарым аралында кырдаал курчуп турган мезгилге туш болду.

Түндүк Кореянын космоско ракета учуруусу БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кескин айыпталып, Пхеньянга карата катаал санкцияларды киргизүү колдоого алынууда. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG